Кыргыз-Өзбек университетинин аялдар кеңешинин жыйыны өттү

Бүгүн, 24-декабрда Кыргыз-Өзбек университетинин аялдар кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Жыйындын башталышында аялдар кеңешинин төрайымы Жээнбекова Жийдегүл Акиевна жалпы эжекелерди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, оору-сыркоодон алыс болуп, үй-бүлөңөр менен жакшы күндөрдүн үстүндө бирге болгула деген тилегин билдирди.
Буга улай эле жаңыдан декан болуп шайланган эжекелерди, ошондой эле кандидаттык ишин ийгиликтүү коргогон Жаңылай Айтышованы жалпы эжекелердин атынан куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Андан соң жыйын өз ишин улантты. Аталган жыйында аял затына, эжекелерге тийешелүү болгон ар түрдүү маселелер каралды.
Айжамал Шоноева и ещё 2
Комментарии: 2
Нравится

Комментировать
Поделиться