Кыргыз-Өзбек университетине 25 жыл

Кыргыз-Өзбек университетине 25 жыл

Бүгүн, 1-октябрь Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдык мааракеси жана университеттин биринчи ректору, окуу жайдын негиздөөчүсү, академик М. Мамасаидовдун 70 жылдыгы
белгиленүүдө. Мааракеге Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынан, Өзбекстандан, шаардык башкармалыктан, жогорку кеңештен ж.б. аттуу-баштуу коноктор келип катышты. Кеченин жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек университетинин билим берүүсүнө салым кошкон кызматкерлери шаардык жана жогорку кеңештин, мэриянын сыйлыктары менен сыйланды.
Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылдын 1-октябрынан окуу процессин ийгиликтүү баштаган.