Кыргыз-Өзбек университетинде XVIII-илимий сессия өтүп жатат
Кыргыз-Өзбек университетинин илимий-изилдөө борборлорунун, кафедраларынын жана бирикмелеринин 2020-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктарын жана өнүгүү перспективаларын талкуулоого арналган XVIII-илимий сессия өткөрүлүп баштады.
Аталган иш-чараны КӨУнун илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Исманов Медербек Марипжанович ачып, илимий сессия жылдагыдан айырмаланып университеттин ар бир факультетинде көчмө тартибинде өткөрүлөрүн билдирди.
Илимий сессиянын негизги максаты — илимий-изилдөө борборлорундагы, кафедраларда жана бирикмелерде аткарылган илимий-изилдөө иштерди, илимий жетишкендиктерди анализдөө жана келечектеги милдеттерин талкуулап, баа берүү болуп саналат.
Бүгүн, 15-январда юридика-бажы факультетинин кафедраларынын 2020-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрү боюнча аткарган иштери менен жакындан таанышып, сунуштар, пикирлер айтылды.
Илимий сессия 19-январда өз ишин жыйынтыктайт.




