Кыргыз-Өзбек университетинде 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

19-февраль күнү Кыргыз-Өзбек университетинде 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Эл дөөлөтү-эне тил» аттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Ош шаарындагы ар улуттун маданий борборлору катышып. орус, өзбек, түрк, тилдерде ар бир улуттун эне тили ыр, бий, көркөм окуулар аркылуу даңазаланды. Шайыр апалар тарабынан кыргыз каада салты көргөзүлдү.
Салтанатка Ош шаарынын вице-мэри Шадыханов Эмиль Токтосунович, КӨУнун ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, КӨУнун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты.
Жыйынтыгында катышуучулар Ош шаардык мэриясы тарабынан акчалай жана дипломдор менен сыйланды.
Ош шаарынын вице-мэри Шадыханов Эмиль Токтосунович Кыргыз-Өзбек университетинин ректоруна, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.