Кыргыз Өзбек университетинде эл аралык физика математикалык изилдөө борбору ачылды

2020-жылдын 24-декабрында Кыргыз-Өзбек университетинин базасында Ф.Д. Устинов атындагы “Военмех” Балтия Мамлекеттик техникалык университети жана Паханг университети менен биргеликте эл аралык физика-математикалык изилдөө борбору ачылды.
Эл аралык физика-математикалык изилдөө борборунун ачылышы ZOOM программасы аркылуу онлайн форматында болду.
Буга чейин эки тараптуу келишимдердин негизинде азыркы физика жана математика чөйрөсүндөгү илимий натыйжалардын интеграциясын камсыз кылуу үчүн Кыргыз-Өзбек университетинин (Кыргызстан), Балтия техникалык университетинин (Россия Федерациясы), Паханг университетинин (Малайзия) ректорлорунун демилгеси менен Кыргыз-Өзбек университетинин базасында эл аралык физика-математикалык илимий борборун түзүү чечими каралган.
Аталган борбордун ачылышында Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич бир жылдан бери “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети жана Паханг университети менен Кыргыз-Өзбек университети биргеликте билим берүүдө бир топ биргелешкен иш-аракеттерди аткаргандыгын баса белгилеп, алдыда дагы билим берүү программаларынын географиясын кеңейтүү пландарын ишке ашыруу аракеттери жүрүп жаткандыгына токтолуп, изилдөө борбордун мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле Балтия мамлекеттик техникалык университетинин ректору, профессор Иванов Константин Михайлович куттуктап, өз каалоосун билдирди.
Эл аралык физика-математикалык изилдөө борборунун ачылышына Паханг университенин, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин, Өзбекстан Республикасындагы В.И. Романовский атындагы Илимдер Академиясындагы математика институтунун, Ош технологиялык университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин жана “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университетинин илимпоздору, профессорлор катышып окуу жайлардын биргелешкен иш-аракеттери мындан да өрчүп, достугу арта берсин деген тилектерин жолдошту.
и ещё 3
Чаткалбай Райымбаев, Сыргак Сарыков и ещё 8
Комментарии: 2
Поделились: 2
Нравится

Комментировать
Поделиться