Кыргыз-Өзбек университетинде эл аралык Эне тил күнү белгиленди.
Бүгүн КӨУнун тарых-филология факультети тарабынан 21-февраль эл аралык Эне тил күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык кечегеге КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова жана Республикалык «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти Нуркыз Кадырбек кызы катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КӨУнун мугалимдери «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйланышты.
Майрамдык салтанат студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.