Кыргыз-Өзбек университетинде студенттер күнү онлайн белгиленди
2020-жылдын 17-ноябрында Кыргыз-Өзбек университетинде “Студенттер күнүнө” карата майрамдык кече уюштурулду. Иш-чара Zoom программасынын жардамы менен онлайн режиминде өткөрүлдү.
КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к. Сарыков Сыргак Токтосунович куттуктоо сөзүн сүйлөп, окуудагы жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн студенттерге ардак грамоталарды тапшырды.
Ошондой эле КӨУнун профсоюз комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Манапович студенттерди куттуктап, өзүнүн калемине таандык ырын көркөм окуп берди.
Андан соң жаштар комитети, маданий-эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.