КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ОКУУ ОНЛАЙН РЕЖИМИНЕ ӨТТҮ.
Кыргыз-Өзбек университетинде окуу процесси ректордун 2020-жылдын 16-мартындагы №21-ни буйругунун негизинде 16-марттан тартып толук түрдө дистанттык окутуу технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүүдө.
Университеттин профессордук-окутуучулар жамааты http://kuu.kg/avn/ билим берүү порталына лекциялык материалдарды, практикалык жана лабораториялык иштердин тапшырмаларын жүктөө жумуштарын аткарышууда.
Факультеттердин деканаттары, колледждердин жана лицейдин дирекциялары тарабынан университеттин сайтына (http://kuu.kg/ и http://kuu.kg/avn/) сабактардын жадыбалдары жүктөлгөн. Бардык студенттер логин жана паролдорунун жардамында аталган билим берүү порталына киришип, тиешелүү предметтер боюнча окуткан окутуучулар менен байланышууда.
Ошондой эле окуу адабияттары менен камсыздоо үчүн университет тарабынан төмөнкү сайттар аркылуу базаларга кирүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп берилди:
- Ирбис 64+ Кыргызско-Узбекского университета (http://kuu.kg/электро/);
- Университетская библиотека Online https://biblioclub.ru/;
- Кирлибнет (Ассоциация электронных библиотек) http://kyrlibnet.kg/ru/ec/— Сеть академических библиотек Кыргызстана;
- i-book https://ibooks.oshsu.kg/ — электронно-библиотечная система ОшГУ.
Жогорудагы базалардан сырткары унверситеттин ПОЖу социалдык түйүндөр (whatsapp, telegram, instagram, facebook) аркылуу студенттер менен байланышууда. Окутуучулар группаларды түзүшүп, студенттерге керектүү материалдарды жиберип, кайтарым байланыштарды жүргүзүшүүдө.