Кыргыз-Өзбек университетинде кышкы спортакиада старт алды
Кыргыз-Өзбек университетинде улуттук жана олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча агай-эжекелер ортосунда факультеттер аралык спорттук мелдеш башталды.
Мелдешке окуу жайдагы факультет, колледждердин жана администрациялык чарба бөлүмүнүн командалары катышып, достук беттешин тартуулашмакчы.
Аталган иш-чара жыл сайын ректорат жана «Достук» спорт клубу тарабынан уюштурулуп келет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругунун негизинде университеттин жалпы профессордук-окутуучулар курамынын 80 пайызы дене бой жактан даярдоо боюнча атайын нормативдик талаптарды тапшырды.