Кыргыз-Өзбек университетинде келишим акыны төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу, бөлүп төлөө маселелери каралды

📍14-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинин профессордук-окумуштуулар курамынын кезексиз жыйыны болуп өттү.

🔹Кезексиз жыйында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 13-майдагы Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окуу жылын аяктоо боюнча чаралар жөнүндөгү буйруктарын ишке ашыруу маселелери каралып, аталган буйруктун 5-пунктундагы 4-пункчасына ылайык келишимдик негизде билим алган студенттерге мыйзамдарда белгиленген тартиптердин шартында социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыкканын КӨУнун окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандитаты, доцент Исаков Топчубай Эргешович билдирди.

🔹Андан сырткары, азыркы кырдаалга байланыштуу студенттердин келишим акысын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, келишим акыны төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу, бөлүп төлөө ж.б. маселелер каралган.

🔹Ал эми КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев түзүм жетекчилерине студенттердин келишим акыларынын төлөмдөрүн, жыл жыйынтыктоочу сынактарын тапшырууну кылдаттык менен кароону милдеттендирди.

🔹Баса белгилеп айта кетсек буга чейин эле Кыргыз-Өзбек университетинде окуу жылдын башталышында ректордун буйругу менен тоголок жетимдер жана биринчи топтогу майыптар келишим акы төлөөдөн жүз пайыз бошотулган. Ал эми атасы же энеси жоктор, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү студенттерге мыйзам чегинде жеңилдиктер каралган.