Кыргыз-Өзбек университетинде Жаңы жылдык кече онлайн режиминде өттү
Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучуларга жана студенттерге арналган Жаңы жылдык кечеси онлайн режиминде өткөрүлдү.
Аталган кечеге, КӨУ нун мамлекеттик тил жана социялдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент Сарыков Сыргак Токтосунович, бириккен профсоюуз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Маннапович катышып, жалпы катышуучулардын Жаңы жылы менен куттуктап, Жаңы жыл жакшылыктын, аруулуктун, бейкутчулуктун жылы болсун деген тилектерин билдиришти.
Майрамдык кече КӨУнун маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.


