Кыргыз-Өзбек университетинде Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги ишин баштады.

Буга чейин НААР көз карандысыз агенттиги тарабынан институтционалдык аккредитациядан өткөн. Андан кийин социалдык колледж жана медициналык колледж бир топ программалар боюнча Эл баасы агенттигинен, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинен аккредитациядан өтүшкөн.

«28-29-ноябрь күндөрү жогорку билим берүү боюнча 9 программаны (юриспруденция -бакалавр, информатика жана эсептөө техникасы — бакалавр, дизайн -бакалавр, костюм жана текстилдердин искусствосу — бакалавр, социалдык-экономикалык билим берүү -бакалавр, табигый-илимий билим берүү — бакалавр, физика-математикалык билим берүү -бакалавр, педагогика — бакалавр, дене тарбия — бакалавр), орто кесиптик билим берүү боюнча 2 программаны (чет тили жана котормочулук иши) көз карандысыз аккредитациядан өткөргөнү турабыз. Эксперттик комиссиянын төрайымы Салия Тайлакова (ОшМЮИ) баштаган 9 адамдан турган топ келди. Азыр программа боюнча кыдыруу иштери аяктап, интервьюлар башталды. Аккредитациядан өтүүдө 7 стандарт каралат. Анын ичинде бир топ критерийлер бар. Бул боюнча биздин даярдык иштерибиз жакшы», — деп билдирди окуу иштери боюнча проректор Топчубай Исаков.