Кыргыз улуттук агрардык университетинин делегациясы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди
Кыргыз улуттук агрардык университетинин делегациясы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди
Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде эки тараптуу кызматташуу максатында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, КР УИАнын академиги, илим жана техника багыты боюнча КР мамлекеттик сыйлыгынын ээси, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, ветеринария илиминин доктору, профессор Нургазиев Рысбек Зарылдыкович башында турган топ Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Келген топтун катарын аталган университеттин окуу иштери боюнча проректору Иргашев Алмазбек Шүкүрбаевич, илимий иштери боюнча проректору Шергазие Уран Адиевич в, инженердик-техникалык факультетинин деканы Темирбеков Жээнбек Темирбекович, маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору Данислан Мелис уулу толуктады.
Сый коноктор иш сапарынын башында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, КР Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки тарап билим берүү ишмердигинде академиялык мобилдүүлүктү колго алып, тажырыйба алмашуу, илим багытында биргелешип илим изилдөө жүргүзүү маселеси боюнча макулдашууга барышты.
Андан соң делегация мүчөлөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы, илим изилдөө багыттары, чарбалык иштери менен таанышып чыгышты.
Ага улай эле университеттин жыйындар залында университеттин профессордук-окутуучулар жамааты менен жолугушту.
Мында эки тараптын жетекчилери кызматташуунун багыттары боюнча жалпы маалымат беришти. Жыйындын жүрүшүндө сый коноктор Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алгачкы ректору, техника илимдеринин доктору, академик Махамаджан Ташалиевич Мамасаидовго К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ардактуу профессору наамын ыйгарышты.
Жолугушуунун соңунда ректорлор эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.




