Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган конференция өттү
2021 — жылдын 15 — апрелинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тарабынан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган «Учурдагы Кыргыз Республикасындагы социалдык иштердин абалы жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга Россия, Армения, Өзбекстан, Тажикистандын социалдык багыттагы белгилүү окумуштуулары, ОшМУнун жана ЖАМУнун профессор-окутуучулары, коомдук ишмерлер, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышты.
Конференциянын алкагында социалдык иштердин учурдагы көйгөйлөрү талкууланып, ар тараптуу сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынды. Соңунда конференциянын катышуучулары мындай деңгээлдеги илимий иш-чараларды улантууну сунуштап, кийинки эстафетаны Ош мамлекеттик университетине өткөрүп беришти.
Конференцияны уюштурууну каржы-экономика факультетинин экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш кафедрасынын окутуучулар жамааты колго алган.




