Кыргыз маданиятын жана искуствосун эл аралык деңгээлге чыгарууңузда бай тажрыйбаңыз жана иштөө принциптериңиз жалпы Түрк элине кызмат кылсын деген тилектебиз.

Урматтуу Султан Акимович!
Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жалпы жамааты Сизди ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп, ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бир добуштан бекитилишиңиз менен куттуктайбыз.
Түрк дүйнөсүнүн жалпы маданиятын сактоо, пропагандалоо жана өнүктүрүү боюнча Сизде оргуштаган идеялар, оригиналдуу ойлор бар жана аларды иш жүзүндө көрсөтө аларыңызга биз толук ишенебиз.
Кыргыз маданиятын жана искуствосун эл аралык деңгээлге чыгарууңузда бай тажрыйбаңыз жана иштөө принциптериңиз жалпы Түрк элине кызмат кылсын деген тилектебиз.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети ТҮРКСОЙ менен кызматташуу келишиминин негизинде көптөгөн иш-чараларына активдүү катышып келе жатат жана мындан ары дагы кызматташууга, иш-чараларды уюштурууга даяр экендигин билгизет.
Мүнкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизди ыйык Рамазан айы менен куттуктап, чың-ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.