Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына кара «Өмүрү өрнөк инсан» аталышында төгөрөк стол болуп өттү.
Аталган иш-чара КРнын Билим берүү жана Илим минстрлигинин буйругуна ылайык Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинде онлайн режиминде уюштурулду.
Төгөрөк столго КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, Сарыков Сыргак Токтосунович, эл аралык жана сырткы байланыштар департаментинин директору Балтабаева Аида Тынайбековна, тарых-филология факультетинин деканы Тилекова Назира Дүйшөбаевналар катышып, Исхак Раззаковдун жасаган иштерине токтолуп, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө салымы опол тоодой экенин баса белгилешти.
Андан соң тарых жана философия кафедрасынын улук окутуучусу Г.А.Сариева, тарых-филология факультетинин 3-курсунун студенти Жумабек кызы Асел Раззаковдун мамлекеттик ишмердүүлүгү, инсандык бейнеси тууралуу баяндама жасашты.




Суйорбек Таштемиров, Ыманбек Нурдинов и ещё 7