Кыргызстанда окуп жана иштеп жаткан Өзбекстан Республикасынын жарандары 22-декабрда өтө турган Өзбекстандын олий мажилисине шайлоого алдын ала катышып, 12-декабрда Кыргыз-Өзбек университетинин башкы окуу имаратындагы маданий эстетикалык комплексинде добуш беришти.

Кыргызстанда окуп жана иштеп жаткан Өзбекстан Республикасынын жарандары 22-декабрда өтө турган Өзбекстандын олий мажилисине шайлоого алдын ала катышып, 12-декабрда Кыргыз-Өзбек университетинин башкы окуу имаратындагы маданий эстетикалык комплексинде добуш беришти. Шайлоонун жүрүшү университеттин окуу ишмердигине эч кандай тоскоолдук берген жок. Себеби, 6-декабрда Өзбекстандын Оштогу консулу Кыргыз-Өзбек университетинде окуп жаткан студенттер менен жолугушуп, шайлоонун жол-жобосу тууралуу түшүнүк берип, окуу процессинен тышкаркы учурда добуш берип кетүүнү суранган. Мындан тышкары Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин милдетин аткаруучу Улугбек Абдуяминов 11-декабрда университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев менен жолугушуп, окуу процессине тоскоолдуксуз добуш берүүнү уюштуруу маселесин талкуулап, жолго коюшкан. Макулдашуунун негизинде Кыргызтанда жашаган Өзбекстандыктардын добуш берүү өнөктүгү 16-декабрда Кыргыз-Өзбек университетинде уланууда.