Кызматташуу кеңейүүдө Expansion of cooperation

2021-жылдын 22-ноябрында Бишкекте Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун эл аралык биринчи форуму болуп өттү.
Аталган форумга эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынан 40дан ашуун ректорлор катышып, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктары талкууланып, биргелешип кызматташуу боюнча келишимдерге жана мемарандумдарга кол коюулду.
Эл аралык форумдун алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Казакстандын Абай атындагы Казак улуттук университетинин ректорлору эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюушту. Андан сырткары Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин жетекчилери менен биргелешип иш алып баруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
24
Комментарии: 5
Нравится

 

Комментировать
Поделиться