Конок лекция guest lecture
Тарых-филология факультети
Бүгүн, 30-ноябрь күнү тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасынын студенттерине ОшМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Темирова Бактыгүл Тажибаевна «Кыргыз адабияты жана «Манас» эпосу» деген темада конок лекция өтүп берди.
Студенттер үчүн учурдагы кыргыз адабиятынын көйгөйлүү маселелерин айтып, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүп, «Манас» эпосуна, анын изилденишине кеңири токтолду.
Соңунда тарых-филология факультетинин жетекчилиги жана студенттери терең ыраазычылык билдиришип, бекем ден соолук, узак жашоо, окумуштуулук жана чыгармачылык иштерине ийгиликтерди каалашты.



