Кесипттик колледжинин тайпаларына ата-энелер чогулушу график менен өткөрүлүп жатат.
Чогулуштун жүрүшүндө ата-энелерге ДББ шартарында Кесиптик колледжинде окуу процессинин уюштурулушу жана жүрүшү менен тааныштырылып, студенттердин сабакка катышуусу боюнча көйгөйлөр айтылды.
Ата-энелерда үй шартында студентердин аралыктан билим алуусун кандай камсыздап жатканы жөнүндө маалымат беришти. Ата-энелердин негизги кызыккан суроолору контракт, расписание жана сабактардын уюштурулушу, модулду тапшыруу эрежелери жөнүндө болуп, тиешелүү жоопторду жетекчилер тарабынан алышты.