Кесиптик колледж. Ыйгарым аземин өткөрдү
Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде 1-курстардын кабыл алуу Ыйгарым аземи өттү.
1-курстарга арналган майрамдык иш чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, тышкы байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Аида Балтабаева, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева жана бирикме башчылары катышып, 1-курстун студенттерине куттуктоолорун жолдошту.
Майрамдык кече 1-курстун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.




