Кесиптик колледж «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына» карата иш-чара уюштурду.
2020-жылы 6-май күнү «Экономика жана укук» бөлүмүнүн «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмеси тарабынан Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата «Алдыга жүргүн баатырлар» аттуу он-лайн эскерүү кечеси болуп өттү.
Бул он-лайн эскерүү кеченин максаты: Улуу Ата-Мекендик Согуштун баатырларынын эрдиктерин эскерүү аркылуу, студенттерде мекенди сүйүү, патриоттук сезимдерин калыптоо.
Эскерүү кечеге Кыргыз-Өзбек университетинин Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сарыков Сыргак Токтосунович, ЭУКС бирикмесинин окутуучулары жана студенттер катышышты.