Кесиптик колледж студенттер күнүн белгиледи
КӨУнун кесиптик колледжи 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүн онлайн режиминде уюштурду.
«Алтын курак студенттик күндөрүм» аталышындагы майрамдык кечеге КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к. Сарыков Сыргак Токтосунович, кесиптик колледжинин директору, ф-м.и.к. Ч.Х.Абдуллаева катышып, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалашты.
Аталган иш-чарада окуудагы жетишкендиктерин эске алып студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Майрамдык кече концерттик программа менен коштолду.


