Кесиптик колледжде педагогикалык сабактар бирикмеси тарабынан 10-декабрдан 17-декабрга чейин «Манас жана Айтматов — түгөнгүс байлык» аттуу жумалык өтүп…
Кесиптик колледжде педагогикалык сабактар бирикмеси тарабынан 10-декабрдан 17-декабрга чейин «Манас жана Айтматов — түгөнгүс байлык» аттуу жумалык өтүп, анын негизинде дубал гезиттердин сынагы, көргөзмө, «Айтматов жана Кыргызстан», «Дүйнө кезип Айтматовду окуйбуз» аталышындагы тарбиялык сааттар уюшулган. Ал эми бүгүн 17-декабрь күнү «Манас жана Айтматов — түгөнгүс байлык» аталышындагы жыйыныктоочу кечеси өтүп, жеңүүчү тайпалар, активдүү студенттер сыйланды.