Кесиптик колледжде бүтүрүү кечеси өттү

КӨЭАУнун кесиптик колледжинде 27-май күнү бүтүрүү кечеси болуп өттү.
Кечеде, бүтүрүүчү курстардын студенттерин колледждин директору Чолпон Абдуллаева кызуу куттуктап, аларга ийгиликтерди каалап, келечекте мыкты адистерден болушуна тилектеш экенин билдирди.
Окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган жана маданий-массалык иш-чараларда активдүү катышкан бүтүрүүчүлөр Ардак грамота менен сыйланышты.