Кафедранын тарбиялык — маданий ишмердүүлүгү

«Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедраcынын тарбиялык — маданий ишмердүүлүгү

«Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасында окуу процессин сапаттуу жүргүзүү максатында жаш студенттерди моралдык жана тарбиялык жактан руханий аё сезиминин өнүгүүсүнө түздѳн-түз таасир берүүчү маданий-эстетикалык иш-чараларды уюштуруп келүүдѳ.
«Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасында тайпа кураторлору бекитилген куратордук жылдык план боюнча куратордук-тарбиялык сааттарын ѳз убагында аткарып келүүдө. Кафедра студенттердин шартын жана абалын эске алуу максатында студенттер менен жалпы жана жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Окутуучулар жана студенттер факультеттин, университеттин, шаардын, башка ЖОЖдор жана көз карандысыз уюмдар тарабынан уюштурган ар кайсы багыттагы иш-чараларына активдүү катышып келишүүдө.
Таланттуу жана спортко шыктуу, активист студенттерди кафедра ѳзгѳчѳ эске алып жана аларга ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүп келүүдѳ. Маданий жана тарбия иштеринин негизги максаты коомубузда инсандын ѳз ордун табуусуна жана калыптануусуна багытталган. Бул иштердин негизги идеясы маданий мурастарды, элдик салт-санаалардын булактарын, адамзаттын улуулук, нравалык байлыктарын активдүүлүк менен жаштарга жеткирүүгѳ негизделет.
«Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте маданий иш-чараларга арналган кечелерге активдүү катышып келүүдѳ жана ийгиликтерге жетишүүдѳ. «Студенттер күнү», «Мугалимдер күнү», «Жаңы жыл», «23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнү», «8-март Аялдар күнү», «Нооруз», «9-май Улуу жеңиш күнүнѳ» карата ж.б. кѳптѳгѳн тарбиялык иш-чаралар жана сынактар ѳткѳрүлѳт.
Бүтүрүү кечеси

 

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial