Кафедранын окуу-усулдук иштери

«Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасы жылдык пландын негизинде иш жүргүзөт. Кафедрада конспектилер жана лекциянын текстери иштелип чыккан жана иштелип жатат, окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүлөт.
Окутуучулардын окуу-усулдук иштерин көзөмөлдөө өзүнүн курамына : окуу-усулдук комплекстерди жана лекциялардын текстерин иштеп чыгуу, жазуу жана кайрадан иштеп чыгууларды, пландарды талкуулоо жана аларды кафедрага көрсөтүү, семинардык сааттардын мазмуну жана структурасын, кафедра боюнча окуу-усулдук пособияларды чыгарууга даярдык көрүүлөрдү камтыйт.
Кафедра усулдук кенештик отурум учурунда

Кафедра коом талабына ылайык модулдук — рейтингдик системада иш алып барууда. AVN маалымат программасы тарабынан түзүлгөн жадыбалдын негизинде рейтинг уюштурулуп, рейтинг журналы өз убагында толтурулуп турат. Рейтингдин жүрүшү кафедра башчысы жана деканат тарабынан үзүлтүксүз көзөмөлгө алынып, студенттер тиешелүү жыйынтыктар менен өз убагында тааныша алат. Студенттердин модулдук – рейтинг системасын өз убагында ийгиликтүү тапшырып келүүдө, жыйынтыктар боюнча AVN

маалыматтык программасынан кеңири тааныша аласыздар.

Кафедранын окутуучулары усулдук көргөзмөдө

Кафедрада студенттердин өз алдынча иштөөсүнө окуу планы боюнча сааттар каралган. Студенттер өз алдынча иштөөсүн сабактан сырткары убакта факультеттин, университеттин, шаардык же областтык китепканаларында жана «ТОКТОМ» маалыматтык борборунда, кафедра тарабынан түзүлгөн ийримде, кеңири иш алып барууда.
Сабактарга коллективдүү катышуу жана өз ара катышуу кафедрада жакшы жолго коюлган . Сабактар жыл башында түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлөт. Катышуучулар өтүлгөн сабак боюнча өз ойлорун ачык айтып, кенири талкууга алышып келет. Өз ара сабакка катышуунунун натыйжасында окутуучулар усулдук тажрыйбаларды арттырууда.