Каржы-экономика факультети: Тегерек стол

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин каржы-экономика факультети тарабынан 2022-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын кабыл алуу күнүнүн 29 жылдыгына карата «Мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү фактору катары улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо жолдору» аттуу тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столдун максаты: улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоодо Улуттук банк тарабынан каржы-насыялык каражаттарды колдонуулусун кеңири илимий чөйрөдө талкулоо жана сомдун туруктуулугун бекемдөөдө аткарылуучу чаралар жөнүндө илимий ой — пикирлерди айтуу максаты коюлган.
Тегерек столго Өзбекстандын, Россиянын жана Кыргызстандын түштүк аймагындагы ЖОЖдорунун экономика багытынын илимпоздору менен катарлаш Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аспиранттары, магистирлери студенттери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана жергиликтүү коммерциялык банкттардын өкүлдөрү катышты. Тегерек столдо учурдагы акча каражаттарынын жүгүртүүлүсүндөгү эл аралык тышкы соода мамилелериндеги кээ бир орчундуу маселелер боюнча баяндамалар жасалып, кызыктуу талаш- тартыш талкуулар жүрдү.
Аталган иш-чарага университеттин эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Аида Балтабаева, илимий иштер боюнча проректор Медербек Исманов катышып аталган иш чаранын эл аралык макамдуулугун баса белгилешти. Корутунду сөздө факультеттин деканы Шайдилла Шакиев мындан ары мамлекетибиздин валютасынын улуттук акча бирдиги катары жүгүртүлүүгө кирген күндү жыл сайын белгилөө үчүн өтүлүүчү иш — чараны практикалык илимий конференцияга айландырууга катышуучуларды ишендирип кетти.