Каржы-экономика факультетинде конок лекция

Бүгүн 22-апрель күнү Каржы-экономика факультетинин «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасы тарабынан Социалдык иш багытында окуп жаткан студенттер учун «Аутизм-балдардын көйгөйлүү журум-туруму» деген темада Zoom программасы аркылуу онлайн-конок лекция уюштурулду. Лекцияны «СмайлКейДжи» коомдук фондунун директору, педагог-психолог, АВА инструктор Кузнецова Лариса Владимировна окуду. Бугунку лекциядан студенттер баалуу жана кызыктуу маалыматтарды алып, лекторго кызыккан суроолорду берип, жоопторду алышты.