Каржы-экономика факультетинде ата-энелер жолугушуусу болду
Каржы-экономика факультетинде ата-энелер жолугушуусу болду
2022-жылдын 13-апрель күнү каржы-экономика факультетинде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууда университеттин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, аккредитация жана сапат департаментинин директору Акмарал Тентимишова, каржы-экономика факультетинин деканы Шайдилла Шакиев катышып, университет тууралуу жалпы маалымат беришти.
Андаң соң каржы-экономика факультетинин жүргүзүп жаткан ишмердиги, адистиктери жөнүндө кенен маалыматтар айтылып, ата-энелер тарабынан анкета толтурулду. Соңунда мыкты окуган студенттердин ата-энелерине факультет тарабынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Бул иш аракеттин негизги максаты студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, студент балдарынын татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат дейт уюштуруучулар.




