«Каржы жана башкаруу» кафедрасында «Корона вирус ылаңынын экономикалык кесепеттери» аталышындагы тегерек стол online видео режиминде болуп өттү.
Бүгүн 2020-жылдын 24-апрелинде «Каржы жана башкаруу», «Инновациялык экономика» илим изилдөө борборунун илимий кызматкерлеринин биргелешип уюштурган «Корона вирус ылаңынын экономикалык кесепеттери» аталышындагы тегерек стол online видео режиминде болуп өттү.Бул видео тегерек столго өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын жана университетибиздин окумуштуулары, аспиранттары жана факультеттин студенттери катышып, учурдагы көйгөйлөрдү жеңилдетүүнүн жана азайтуунун жолдорүн илимий негизде сунушташты. Түрдүү пикирлер, кызыктуу ойлор айтылды.Катышуучулар мындай видео байланыштарды,конференцияларды өткөрүүнүн форматын кеңейтүү боюнча маселе көтөрүштү.