Кайрымдуулук жарманкеси өттү

29-сентябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кайрымдуулук жарманкеси өттү.
Университеттин улук окутуучусу Алийма Момунованын демилгеси менен социалдык иш багытында билим алып жаткан студенттер үч жылдан бери «Жакшылыкка бир кадам» аталышындагы кайрымдуулук иш чарасын уюштуруп келишет.
Быйыл студенттер өздөрү жасап келген тамак-аштарды университеттин мугалимдерине, студенттерге сатышты. Буга улай эле 1-октябрь-Карылар күнүнө карата кайрымдуулук кутучасын дагы уюштурушкан.
Ал эми кайрымдуулуктан жыйналган каражат кароого муктаж кутман карыялар үчүн жумшалат.