Иш берүүчүлөр, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болду

2022-жылдын 19-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультети менен табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети биргеликте бакалавр жана магистр академиялык даражаларын ыйгарууга даярдалган негизги билим берүү программаларын жана келечектеги заманбап педагогторду инновациялык усулдар, санариптик технологияларды колдонгон компетенттүүлүгүн калыптандырууну камсыздоо максатында өнөктөштөр, кызыктар тараптар (иш берүүчүлөр, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр) менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда төмөндөгү билим берүү программаларына ММБСна (мамлекеттик билим берүү стандартына) дал келген НББПсы (негизги билим берүү программасы), БКМ (бүтүрүүчүнүн компетенттик модели) жана ОКНсы (окутуунун күтүлүүчү натыйжалары) талкууга алынды.
550700 Педагогика программасы (профилдери: башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү);
532000 Билим маданияты жана спорт программасы (профили: педагогикалык);
530300 Психология программасы;
550100 Табигый илимий билим берүү программасы (профилдери: биология, химия, география);
550200. Физика — математикалык билим берүү программасы (профилдери: математика, информатика, физика).
Конференциянын катышуучулары компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо боюнча сурамжылоого катышып өз ойлору менен бөлүшүп, билим берүү тармагындагы реформаларды колдоп жатканына токтолушту жана бул багытта КӨЭАУнун миссиясы өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.
Соңунда өзүнүн жүрүм-туруму, окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган студенттердин ата-энелерине Ыраазычылык каттар тапшырылды.