«Ислам укугу, жаштар жана дин маданияты» аттуу тегерек стол өттү

Бүгүн, 21-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-бажы факультетинде «Ислам укугу, жаштар жана дин маданияты» аттуу тегерек стол өттү.
Аталган тегерек столду университеттин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Исаков Топчубай Эргешович ачып берди.
Буга улай эле юридика-бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Көкөева Алмагүл Муктарбековна сөз сүйлөп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, факультет тарабынан даярдалган белектерин тапшырды.
Андан соң Ош облустук мусулмандар казысы Атабаев Самидин кары «Шарияттын максаттары», Абдыжапар ислам институтунун ректору Нурбек Орунбаев «Татыктуу билим жаркын келечек», деген темада баяндамаларын жасашты.
Ошондой эле жарандык укук кафедрасынын окутуучусу Н.Абдиманап кызы «Ислам укугу жана дин тутуу эркиндиги» деген темада баяндама жасап, катышуучулар тарабынан баяндамачыларга ар кандай суроолор берилип, тегерек стол талкуу менен коштолду.