«Инновациялык экономика» илим изилдөө борбору

«Инновациялык экономика» илим изилдөө борборунун тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүгү

 Кыргыз -Өзбек университетинин  ректорунун  2001-жылдын 8-сентябрындагы №59 / «д» буйругунун негизинде каржы — экономика факультетинин алдында экономика багытында  «Түштүк Кыргызстандагы өткөөл экономика»  илим  изилдөө борбору уюштурулган. Аталган илимий борборду

ф-м.и. к., доцент Г.М.Маматурдиев 2003- жылдын 16-сентябрына  чейин жетектеген.

2003-жылдын 16-сентябрындагы №48 буйрукка ылайык  «Түштүк Кыргызстандагы өткөөл экономика»  илим изилдөө борборун жетектөө э.и.д., профессор Ш.С.Сулаймановго тапшырылат.

2004-2006-жылдары илим изилдөө борборун э.и.д., профессор М.А.Адхамов жетектөөгө алат.

2007-2009 -жылдардын аралыгында борборду жетектөө  э.и.к., доцент Ж.М. Азимовго буйрулат.

2010-2011- жылдары  «Түштүк Кыргызстандагы өткөөл экономика»  ИИБун  э.и.к., доцент Ч.К.Райымбаев башкарган.

2011-2014-жылдардын аралыгында аталган борборду жетектөө милдети э.и.к., доцент

Ш.О.Шакиевге туш келет.

Коомдогу,мамлекеттеги жана дүйнөдөгү экономикалык өзгөрүүлөргө  байланыштуу  университеттин окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык ректордун 2014-жылдын

3-сентябрындагы №65-НИ буйругуна ылайык  «Түштүк Кыргызстандагы өткөөл экономика»  ИИБ «Инновациялык экономика» илим изилдөө борбору деген аталышка өзгөрүлүп, аны жетектөө кайрадан Ш.О.Шакиевге жүктөлөт.

Учурда аталган илим изилдөө борборун коомдук башталышта э.и.к., профессор Ш.О.Шакиев башкарат.

Өзүнүн 20 жылдан ашуун тарыхында аталган илим изилдөө  борборунда  экономика багытындагы 4 доктордук,10 ашуун кандидаттык диссертациялар  жакталып Кыргыз Республикасынын  Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан бекитилген. Ошондой эле ондогон  «Ишке ашыруу  (Акт внедрения в производство) актылары» алынган. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим департаменти тарабынан мамлекеттик бюджеттен илим изилдөөнүн  артыкчылык  багыттарына каржылануучу  бир канча илимий долбоорлорду кароо- сынактардын негизинде ишке ашырды. Атап айтканда: «КРдин айыл- чарбасын өнүктүрүүнүн инновациялык- инвестициялык механизми» (2013-ж), «Кыргыз экономикасынын тармактарынын базалык өзөктүү ишканаларын модернизациялоосун инвестициялык камсыздоонун өркүндөтүү» (2014-2016-жылдар), «КРде Бажы жана Евроазиялык экономикалык биримдиктин шарттарында инвестицияларды инновацияларга тартууну дилгирлештирүүнүн экономикалык өбөлгөлөрү» (2017-ж.), «Кыргызстандын тышкы экономикалык жана экономиканын тармактарына инновацияларды инвестициялоонун учурдагы абалы» (2019-ж), «Кыргызстандын аймактарындагы чакан жана орто бизнести инвецтициялоонун натыйжалуу ыкмалары» (2021-ж),- деген аталыштагы илимий долбоорлор жактырылып мамлекеттик бюджеттин эсебинен 300 миң сомго каржыланды. Учурда «ИЭ» илим изилдөө борборунда 10 илимий кызматкер «Кыргызстандын аймактарындагы чакан жана орто бизнести инвецтициялоонун натыйжалуу ыкмалары»,- деген долбоордун үстүндө  изидөө иштери менен алектенишүүдө


Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Каржы — экономика факультетинин «Инновациялык экономика» илим изилдөө борборунун илимий кызматкери В.К. Токторова экономика багыты боюнча кезектеги диссертациялык ишин жактады. Жетекчисин жана авторду чын дилден куттуктаймын.
Тилек каалоом менен «Инновациялык экономика» илим изилдөө борборунун директору Ш.О.Шакиев.
Возможно, это изображение (1 человек)