Илимий-практикалык конференция өттү
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультети 2021-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасындагы өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр” аталышындагы жаш окумуштуулар жана студенттер арасында Республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Иш чара онлайн режиминде өттү.
Салтанаттуу ачылыштан кийин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жана КӨЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Медербек Исманов куттуктоо сөзүндө пандемия шартында онлайн режиминде өтүп жаткан жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциянын маанисине токтолуп, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Пленардык жыйында докладдар окулгандан кийин конференция секциялык иштерде улантылды.
Андан соң секция башчылары маалымат беришти. Илимий-практикалык конференция резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.




