Илимий-методикалык семинар өттү

2021-жылдын 11-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун ИЛИМ күнүнүнө арналган илимий-методикалык семинары болуп өттү.
Семинарды окуу иштери боюнча проректор, пед.и.к. Топчубай Эргешович Исаков кириш сөз менен баштап берди.
Семинарда борбордун мүчөлөрү Айтишова Ж.Т. жана Халмурадова «Студенттердин илимий тексттер менен иштөөдөгү ыкмаларын өстүрүү» деген темада баяндама жасап беришти.
Семинар көп тилдүүлүк долбоордун алкагында CLIL методун колдонуу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде өткөрүлдү.
Семинардын натыйжасы катышуучулар үчүн көптөгөн кызыгууларды жаратып, суроо-жооп жана жакшы ой пикирлер менен коштолду