Илимий изилдөө иштери.

2020 — жылдын 10 -майында Кыргыз-Өзбек университети тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын урматына арналган «Кыргыз сомунун тарыхы жана учурдагы абалы» аттуу эл аралык түз байланыштагы илимий конференция болуп өттү. Конференциядан айрым фрагменттер…Уюштуруучулардын бири :»Каржы жана Башкаруу» кафедрасы, «Инновациялык экономика» ИИБ

Университеттин 2019-жыл ичиндеги ишмердүүлүктүн  негизи багыттарынын бири — илим изилдөө багытынын  жыйынтыгы  аныктоо боюнча 2020- жылдын 29- ноябрында болуп өткөн илимий сессияда түзүмдөрдүн арасынан  «Мыктылардын мыктыларын» тандоого катышкан кароодон ар тараптуу баалоо критерийлеринин негизинде жогорку упай топтоп, окуу жайдын кафедраларынан ичинен “Каржы жана башкаруу” кафедрасы “Эң мыкты кафедра”,- деп табылды.

Кыргыз-Славян университетинде илимий долбоордун эсебин тапшырып чыккандагы кербез, 23- 27-декабрь кундорго чейин иш сапары улантылууда…

2019- жылдын 24-27- декабрь күндөрү  “Инновациялык экономика” илим изилдөө борборунда аткарылган  илимий иштердин жыйынтыгын Бишкек шаарындагы Кыргыз- Славян университетинин базасында  мамлекеттик бюджеттин эсебинин республикадагы бардык жогорку окуу жайлардын  илимий изилдөөлөрүнө каржыланган илимий долбоордун эсебин жактап жаткан учур.

 Бишкек шаары,24- декабрь,2019-жыл.

Илимий изилдөө иштери жана тышкы байланыштар

           Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири катары илим изидөө жана тышкы байланыш иштери саналат. Бул багытта кафедра университет тарабынан аныкталган илимий байланыштардын негизинде 2018- жылдын 1- январына карата жакынкы жана алыскы 7 чет мамлекеттердин  22  окуу жана илим изилдөө жайлары менен түзүлгөн  келишимге ылайык тынымсыз иштерди жүргүзүп келүүдө. Атап айтканда Казахстандын  Мирас университети менен тузулгон келишимдин негизинде 2019- жылдын 2- майынан 14-майына чейин окутуучулардын  академиялык мобилдүүлүгү кызматташтыгы аркылуу аталган окуу жайдын Экономика багытындагы студенттерге «Эсеп жана аудит» сабагынан лекция окуп келди.

Узбекстан мамлекетинин  Фергана мамлекеттик университетинин «Экономика жана сервис», «Экономикалык теория», « Социалдык иш» кафедралары менен илимий жана окуу- усулдук байланыштар боюнча тажыйырба алмашуу боюнча келишимдер тузулду. Ошол эле учурда Кыргызстандын ЖОЖдору менен ички келишимдер да тузулгон.

Каржы-экономика факультетинин курамында «Каржы жана насыя» кафедрасы  окуу-усулдук багыты менен биргеликте илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда «Каржы жана насыя» кафедрасы 2018-жылдан тартып «Каржы жана башкаруу» кафедрасы,- деп өзгөртүлгөн. Аталган кафедранын  илимий изилдөө иштери факультеттин алдында түзүлгөн «Инновациялык экономика» илим изилдөө борбору менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Учурда аталган кафедраны жана борборду Ш. О. Шакиев башкарып келүүдө.

Каржы жана башкаруу кафедрасы  «Инновациялык экономика» илимий борбору менен бирдикте ийгиликтүү жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгынын негизинде көптөгөн монографиялар,  7 кандидаттык жана 4 доктордук дицертациялар жазылып ийгиликтүү жакталды. Андан сырткары  бир топ илимий эмгектер жаралып, бир канча илимий долбоорлор жыл сайын мамлекеттик бюджет тарабынан каржылануу менен ийгиликтүү ишке ашырылып, бүгүнкү күндө анын жыйынтыктары өлкөнүн экономикасынын ар кайсы тармактарында колдонулуп келет. Алсак акыркы жылдарда төмөнкү илимий долбоорлор жазылып, ишке ашырылган.

  1. 1.КРнын айыл-чарбасынын өнүгүүсүнүн инновациялык-инвестициялык механизмдери – Шакиев Ш.О. 2013-жыл долбоорду каржылоонун суммасы 400миң сом.
  2. 2.Кыргызстандын экономикасынын базалык тармактарындагы негизги ишканаларын модернизациялоодо инвестициялык камсыздоону өркүндөтүү – Райымбаев Ч.К. 2014,2015,2016-жж. долбоорду каржылоонун суммасы 500 миң сом.
  3. 3.Бажы союзунун жана ЕАЭСдун шартында Кыргыз Республикасындагы инновациядагы инвестицияны активдештирүүнүн экономикалык шарттары- Райымбаев Ч.К. 2017-ж.каржылоонун суммасы 350миң сом.
  4. 4.Кыргызстандын тышкы экономикалык жана тармактарына инновацияларды инвестирлөөнүн учурдагы абалы – Шакиев Ш.О. 2019-ж. каржылоо суммасы 500миң сом.

Кафедра негизделгенден тартып бүгүнкү күнгө чейин бир канча доктордук жана кандидаттык диссертациялык иштер жасалган: 4 илимдин доктору: Г.М.Маматурдиев, А.М.Джураев, Ж.Т.Тургунбаев жана  Ч.К.Райымбаев, Э.Б. Примовтор болсо ага удаалаш  10га жакын илимдин кандидаттары чыгышкан:  И.У.Давыдов, Ж.М.Азимов, А.Ш.Юсупов, И.И.Сайпитдинов,  Н.Ж.Урайымов, Н.Р.Исмаилова, М.С.Сотволдиева ж.б. Алар азыркы мезгилде өлкөнүн илимий потенциалына өз салымдарын кошуп келишүүдө.

Учурда кафедрада  3 изденүүчү  илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Кафедрада илимий иш алып барууда окутуучулар менен студенттер биргеликте ар кандай илимий иш-чараларды өткөрүлүп келишет. Окутуучулар  жана студенттер илимий конференцияларга, студенттик конференцияларга, салтка айланып калган жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык жана аймактык  олимпиадаларга катышып байгелүү орундарга ээ болуп кайтышат.  Мындан сырткары студенттерибиз ар-түрдүү студенттик сынактарда, клубдарда активдүү катышып турушат.

Жыйынтыктап айтканда кафедрада  25 жыл аралыгында экономика, каржы жаатында фундаменталдуу жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзө ала турган жогорку илимий дарааметти түзө алды.