БББУ кафедрасынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
[one-half] БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСУЛУ[/one-half]Кафедранын окуу-усулдук жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
«Башталгыч билим берүүнүн усулу» кафедрасы 25 жыл аралыгында жогорку башталгыч класстын квалификациялуу мугалимдерди даярдап келди.
Кафедранын багыты (Адистик)
Кафедранын ишмердүүлүгү азыркы мезгилдеги окуу процессинин көп кырдуу системасына багытталган. Бул багытта бакалаврдык окуу планын негизинде окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыгууда. Окуу процессине инновациялык форма жана методдор менен сабак өтүү активдүү таралууда.
Кафедранын студенттери ыңгайлуу жана толук жабдылган аудиторияларда билим алышат. Бүгүнкү күндө кафедрада 5 окуу аудиториясы бар.
Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу кафедрасы бир канча ЖОЖдор менен илимий байланыштарды жана кызматташтыкты жүргүзүп келе жатат. Алардын ичинде –
- — КАО «Педагогика» илимий борбору. Бишкек;
- — И. Арабаев атындагы КМУ«Жогорку мектептеги педагогика» кафедрасы. Бишкек;
- — ОшМУ «Педагогика» жана « Психология» кафедрасы;
- — А. Мурсабеков атындагы ОМПИ «Музыкалык билим берүү жана психология», «Педагогика» кафедралары;
- -Ош шаарындыгы РГСУнун филиалы. «Укук коргоо жана социалдык иштер» кафедрасы;
- — Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту Кемерова шаары. Орусия.
Башка өлкөдөгү университеттер менен тыгыз байланыш түзөт;
Кафедрада чет элдик студенттердин окуусун камсыздайт;
Гранттар боюнча иштерди уюштурат жана камсыздайт.
Окутуучулардын илимий – изилдөө иштеринин темалары, илимий жетекчилери.
Доктордук диссертация:
1.Кадырова М.С. «Жөндөмдүү балдарды тандоо жана алардын өнүгүшүндөгү педагогикалык – психологиялык өзгөчөлүктөр». д.ф.н. проф., М.И. Мирзахидова (ЖАМУ)
Кандидаттык диссертациялар:
1.Орозбаева А.Ы. – «Проф. К.Сартбаевдин башталгыч мектепте кыргыз тилин окутууга арналган эмгектеринин илимий – методикалык негиздери» илимий жетекчиси: -п.и.д., проф. Сакиева С.С. (ЖАМУ)
2.Казканова Ч.Т. “ Башталыгыч класстын математикасы боюнча окуучулардын логикалык ойлоосун өстүрүүнүн дидактикалык негиздери” илимий жетекчиси: — п.и.к. доцент: Мадраимов С.(ОГПИ).
- Хаджаева К.К. — «Кыргыз тилиндеги үндүү фонемаларды өзбек мектептеринин башталгыч класстарында үйрөтүүнүн негиздери» илимий жетекчиси: — д.ф.н. проф., М.И. Мирзахидова (ЖАМУ)
4.Имаралиева Ж.Р.-“Манас тануу” сабагын окутууда окуучулардын жамааттык сезимдерин жогорулатуунун методикасы (Орто мектептин мисалында). Илимий жетекчиси: -п.и.к.,профессор Укуева Б.К.
- Атабаев А.А. “Болочок мугалимдерди билим берүүнүн кредиттик системалар шартында даярдоонун педагогикалык аспектилери.(физика-математикалык билим берүү багыты боюнча бакалаврды даярдоонун мисалында).п.и.к.доц.,Исаков Т.Э.
5.Таштанбекова Т. “Кенже класстарда физиканы окутууда окуучулардын з алдынчалуулугун өркүндөтүү”.п.и.д.проф. Курманкулкулов Ш.Ж.
- Г. Абдивалиева Г. «Профессионально-ориентированное обучение русской лексике студентов медицинского колледжа» Научный руководитель, д.п.н, проф.: Ахметова Н. А.
- Баитова Б.Т. “Колледждерде Манас таануу предметин компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун методикасы” илимий жетекчиси: — д.п.н, проф.:Батаканова С.Т.
Кафедранын профессордук – окутуучулар жамааты жалпы кафедралык изилдөө темаларын жана өздөрүнүн илимий багыттары боюнча алардын натыйжаларын окуу – тарбия жараянына киргизүү, окутуунун инновациялык усулун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча системалык түрдө иш алып барып жатышат.
Профессордук-окутуучулар жамааты (ПОЖ):
Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулуу кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты (ПОЖ) курамынын саны – 10. Алардин ичинде : 1 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты, 3 улуу окутуучу, ошондой эле 1 окутуучу штатка бекитилген, 1 лобарант. Кафедрадагы ПОЖ курамдын сапаттык көрсөткүчү – 55,5%ди түзөт.
Илимий байланыштар, кызматташтык:
Башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасы бир канча ЖОЖдор менен илимий байланыштарды жана кызматташтыкты жүргүзүп келе жатат. Алардын ичинде –
- — Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультети;
- -Ош гуманитардык педагогикалык институтунун Музыкалык -педагогикалык факультети;
- — Россия мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалы (РГСУ);
- — Түштүк регионундагы илимий- изилдөө институту;
- — Ж. Баласагын атындагы «Жогорку мектептеги педагогика»
- — КАО «Педагогика» илимий борбору
- — И. Арабаев атындагы КМУ «Жогорку мектептеги педагогика» кафедрасы
- — Фергана мамлекеттик университетинин «Педагогика жана психология окутуунун технология» кафедрасы.