ЖҮРӨКТӨГҮ ЖЫЛУУЛУК АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

КӨУнун Студентик жаштар комитети «Жүрөктөгү жылуулук» аттуу кайрымдуулук акциясын жыйынтыктады.

Университеттик деңгээлде өткөрүлгөн акциянын жыйынтыгында топтолгон финансылык каражат Ош шаарындагы «Боорукердик үйүнө» жеткирилди.

Боорукердик үйүндөгү жаш балдарга жана ата-энелерге атайын даярдалган тамак-аш даярдалып, кышкы кийимдер жана керектелүүчү буюмдар жеткирилип, атайын даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.