Жаңы окуу жылына даярдык
Бүгүн, 14-сентябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жаңы окуу жылына болгон даярдыкты камсыздоо максатында университеттин окуу имараттарын кыдырып жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты.
Окуу кааналарынын тазалыгын текшерип, ичиндеги жасалгаларына басым жасап, окуу кааналарынын оңдоп-түзө иштерине активдүү катышып, аудиториялардын тазалыгын камсыздап, жасалгалоосуна өзгөчө көңүл бөлгөн мугалимдерибизге ыраазычылыгын билдирди.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич; «Студенттер окуп жаткан мекеме, окуу кааналары жаркырап турса, материалдык-техникалык базасы заманбап жабдуулар менен камсыздалган болсо, студенттердин дагы жүзү жарык болуп, окууга болгон кызыгуусу артат. Биздин мындай шартты жаратып бергенге толук мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Болгону жалпы окуу жайдын эмгек жамааты аракет кылышыбыз керек, ошондо университеттин иши алдыга жылып кылган мээнетибиздин үзүрүн көрөбүз»-деп мугалимдерди татыктуу иш алып барууга үндөдү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы эртең, 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Белгилей кетүүчү жагдай, офлайн-режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири –билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70 %ын эмдөө. Ал эми Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мугалимдер жамаатынын 70% аталган эмдөөдөн өтүштү.



