Жаңы жыл алдындагы жагымдуу кабар

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилиги аталган окуу жайдын эмгек жамаатынан «Мугалимдер күнүнө» жана 19 – октябрь «Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө» карата сыйлыкка көрсөтүлгөн алдыңкы кызматкерлерине Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Ош облустук комитетинин Ардак грамоталары, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарын жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилерин тапшырды.
Ошондой эле ден-соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык колдоого муктаж кызматкерлерге акчалай жардам көрсөтүштү.
Аталган иш-чарага Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жана Бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Маннабович катышып, сыйлык ээлерин куттукташты.