Жаш илимпоздордун жана студенттердин v илимий-практикалык конференциясы болуп өттү
Кыргыз-Өзбек университетинде 10-ноябрь-эл аралык жаштар күнүнө карата “Билим, илим жана маданият-жаркын келечек” аталышында жаш илимпоздордун жана студенттердин v илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Аталган конференцияны уюштурууну КӨУнун илим боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Исманов Медербек Марипжанович, КӨУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин кандидаты, жооптуу катчы Ташкулова Шарипа Баратбаевна колго алган.
Иш-чара онлайн форматта болуп, аймактык илимий-практикалык конференциянын катышуучулары онлайн форматта каттоодон өтүп, илимий-практикалык конференция өз ишин улантты.
Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин жаш илимпоздору жана студенттери катышты.
Алгач, конференциянын катышуучуларын КӨУнун илим боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Исманов Медербек Марипжанович жылуу кабыл алып, жаш илимпоздордун жана студенттердин иштерине ийгиликтерди каалады.
Конференциянын жүрүшүндө “Тарых жана философия” кафедрасынын аспиранты Адышева Назгүл Кабылбековна “Бүгүнкү күндөгү кыргыз жаштарынын улуттук аң-сезими”, “Компьютердик технология жана энергетика” кафедрасынын аспиранты Бекмуратова Бурулай Токтомуратовна “Суу эмульсивдик жылуулукту техникалык касиетин жана жылуулугун изилдөө”, Гуманитардык — педагогика факультетинин студенти, Исмаилова Айзирек Данияровна “Кыргыз улуттук баалуулуктары: тил, тарых жана маданият”, кесиптик колледжинин студенти Тургунбаева Гулзина Айбековна “Онлайн сабак өтүүнүн жетишкендиктери жана кемчиликтери” аталышында баяндамаларды жасашты.
Андан соң конференциянын катышуучулары секцияларга бөлүнүп иш алып барышты.
Соңунда ар бир секция башчылары кенен маалымат берип, баяндамалар талкууланып, илимий-практикалык конференциянын резолюциясы кабыл алынды.



Вы, Суйорбек Таштемиров, Сыргак Сарыков и ещё 20
Комментарии: 4
Поделились: 3