«ЖАКШЫЛЫККА БИР КАДАМ»

1-октябрь Карылар күнүнө карата каржы-экономика факультетинин экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары жана социалдык иш багытында билим алган студенттер менен биргеликте «ЖАКШЫЛЫККА БИР КАДАМ» аттуу салттуу акциясын баштады.
Акциянын негизинде аталган кафедранын окутуучулары Ош шаарындагы карыларыбызга жана Боорукердик үйүнө зыярат кылып атайын даярдалган белектерин тапшырып келди.
Бул иш-чара жыл сайын кафедра тарабынан 1-октябрь Карылар күнүнө карата уюштурулуп келет.