«Достук» чыгармачыл жаштар борбору «Студенттик турмуш» аттуу адабий-музыкалык кечесин өткөрдү
2022-жылдын 20-апрелинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдында түзүлгөн «Достук» чыгармачыл жаштар борбору 6 жылдык мааракесине карата «Студенттик турмуш» аттуу адабий -музыкалык иш-чарасын өткөрдү.
Анда кол өнөрчү, сүрөтчү студенттердин эмгектери, «Достук» чыгармачыл жаштар борборунун түзүлгөндөн берки сүрөттөрүнөн куралган көргөзмө уюштурулду.
Кече студенттик турмушту чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталып, таланттуу кыз-жигиттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Соңунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев чыгармачыл борбордун ишмердүүлүгүнө кенен токтолушуп, аларды колдоо максатында акчалай сыйлыктарын берип, чыгармачыл топтун мүчөлөрүнө Ардак грамота, ата-энелерине Ыраазычылык каттарды тапшырышты.




