«Достук» чыгармачыл жаштар борбору жыл жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрдү
Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдында түзүлгөн «Достук» чыгармачыл жаштар борборунун жыл жыйынтыктоочу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев катышып, чыгармачыл топтун иштерине ийгиликтерди каалашып, борбордун студенттерине университеттин Ардак грамотасын, Ыраазычылык баракчаларын жана профсоюз уюму тарабынан акчалай белектерди тапшырышты.
Эскерте кетсек «Достук» чыгармачыл жаштар борбору 2015-жылы университеттин таланттуу студенттери тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө шаардык, областык, университеттик деңгээлдеги маданий-массалык иш-чараларга, ар кандай сынактарга катышып, активдүүлүгүн көргөзүп келет.




