Дин аалымдары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде
Өзбекстан мусулмандар кеңешинин мүчөсү, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, “Имам Хасан” мечитинин имамы Аносхан Ташхужаев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Аталган конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алып, достуктун ордосу болгон куттуу окуу жайдын ишмердик багыттары, материалдык-техникалык базасы, студенттердин таалим-тарбиясы жөнүндө кенен маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө сыйлуу коноктор Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен келген дин аалымдарынын жана эксперттердин катышуусунда Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ийгиликтүү өткөндүгүн маалымдашты.
Аталган конференциянын алкагында дин аалымдары бүгүн, 1-октябрда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда, мечиттерде, окуу борборлорунда лекция окуп жатышат.
Ал эми Өзбекстан мусулмандар кеңешинин мүчөсү, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине бөлүнгөн. Алар университеттин студентрине жана жаш мугалимдерине улуттук нарк-насил, ислам дининин баалуулуктары боюнча лекция окуп, дин жолундагы бурмаланган агымдарга азгырылып кетүүнүн алдын алуу зарылдыгын белгилешти. Сабактын жүрүшү катышуучулардын суроо-жообу менен коштолду.
https://turmush.kg/news:446709





и ещё 2
Сыдыкбек Апиш Уулу, Сыргак Сарыков и ещё 18
Комментарии: 2
Поделились: 2
Нравится
Комментировать
Поделиться