«Ден соолук-2021»

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин агай-эжекелери Ысык-Көлдө өтүп жаткан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин «Ден соолук-2021» спартакиадасына жигердүү катышып жатышат.
Аталган спартакиада 22-июндан 27-июнга чейин болуп, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен куралган командалар спорттун волейбол, футбол, стритбол, шахмат, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол оюндары боюнча күч сынашат.