Гуманитардык-педагогикалык факультетинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу азем болуп өттү.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультеттердин декандары катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттукташты.
Факультет 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып студенттерге атайын дипломдорду тапшырышты. Майрамдык салтанат бүтүрүүчүлөргө арналган обондуу ыр, бийлер менен коштолду.
Соңунда бүтүрүүчүлөр окуу жайдын жалпы жамаатына, окуткан мугалимдерине ыраазычылыктарын билдиришти.