Государственный язык и социальная работа
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ИШТЕР БОЮНЧА ПРОРЕКТОР

Кыргыз-Өзбек университетинин Мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору ф.и.к. Сарыков Сыргак Токтосунович

Туулган жылы

5-январь 1970-жыл, Ош обл. Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылы.

Дареги

Ош шаары, Ак-Тилек кичи району 35-54
Тел.: 0772 240 250, 0553 240 250

Билими:

1991- 1996-ж. Ош Мамлекеттик Университети
Факультет: Кыргыз филологиясы факультети
Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Эмгек жолу:

1987-1988-ж. Ош областынын Өзгөн районунун Ийри-Суу совхозунун жумушчусу.
1988-1990-ж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. ПВО СВ КСАВО (Актюбинск обл. Эмба-5 шаары).
1996-1999-ж. Кыргызстан Эл аралык Университетинин Оштогу филиалынын «Жалпы илимдер» кафедрасынын окутуучусу.
1999-2001-ж. Кыргызстан Эл аралык Университетинин Оштогу филиалынын директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары.
2001-2003-ж. Кыргызстан Эл аралык Университетинин Оштогу филиалынын сырткы бөлүмүнүн деканы.
2003-2005-ж. Кыргызстан Эл аралык Университетинин Оштогу филиалынын Гуманитардык-юридикалык факультетинин деканы.
2005-2007-ж. Кыргызстан Эл аралык Университетинин Оштогу филиалынын «Жалпы илимдер жана дүйнөлүк тилдер» кафедрасынын ага окутуучусу.
2007-2009 -ж.Кыргызстан Эл аралык Университетинин алдындагы Укук, бизнес жан компьютердик технологиялар институтунун директорунун окуу-тарбиялык иштери боюнча орун басары.
2009-2013-ж. Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун ректорунун окуу-тарбиялык иштери боюнча орун басары.
2013-2015-ж. Ош регионалдык колледжинин «Дүйнөлүк тилдер» кафедрасынын ага окутуучусу.
2015-ж. баштап К-ӨУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору.
2008-ж. Филология илимдеринин кандидаты (Тема: «Тенти Адышеванын поэтикалык изденүүсү», КР УИА).
Жалпы стажы — 32 жыл.
Илимий-педаг.стажы — 23 жыл.

Мамлекеттик тил жана социалдык иштер

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын, этностордун өз ара мамилесин, биримдигин жана достугун бекемдөөдө башкы орунду ээлейт. Университетте Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын буйруктарынын, токтомдорунун, жоболорунун негизинде жүргүзүлөт.

Бул багытта университетте:

— Мамлекеттик тил боюнча түзүлгөн комиссия;
— “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” борбору;
— “Манас тануу” борбору;
— Мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары;
— “Чыӊгыз Айтматов таануу” ийрими;
— “Акыл ордо” ийрими;
— “Жаш калемгерлер” ийрими ж.б. борборлор, адабий ийримдер иш алып барат.
Социалдык жана маданий-массалык иштерди өнүктүрүү максатында университетте ыр жазган, манас айткан, дастан айткан, музыкалык аспаптарда ойногон,ырдаган таланттуу студенттердин башын кошкон маданий-эстетикалык борбор, ар түрдүү майрамдык кечелерди өткөрүү үчүн жыйындар залы, “Достук планетасы” студенттик гезити, “Гранит” студенттик телестудиясы, “Достук” спорттук клубу, спорттук зал, спорттук манеж, спорттук аянтчалар, ар түрдүү спорттук ийримдер, студенттик жатакана, студенттик ашканалар, компьютердик окуу курсу, айдоочулук курсу, медициналык пункт, китепканалар ж.б. студенттердин кызматында.
Университете ар түрдүү адабий музыкалык кечелер, коомдук жана маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, өмүрү өрнөк инсандар, ардагерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, “Кыз-жигит сармердени”, “Студенттик жаз”, “Жаз жана акындар” адабий музыкалык кечелери,“Студенттике кабыл алуу-Ыйгарым” аземдери, “Бүтүрүү” кечелери, ар түрдүү багытагы “Акыл таймаштар”, жаш дизайнерлердин “Мода” фестивальдары, 1-курс студенттеринин өз колдору менен тигишкен «Менин биринчи тиккен кийимим» аттуу мода кечеси, “Эр жигит”, “Кыз Сайкал”, “ОшМСУ периси” кароо-сынактары, “Кош жылдыз”, “Кечки серенада” оюн-зоок долбоорлору, «Дүйнө элдеринин бийлери» фестивалдары, «Улуу тил дүйнөсү» аттуу мамлекеттик тил майрамдары, «Эне тил – Элдин байлыгы» атуу эне тил майрамдары, «Манас- көөнөргүс мурас» аттуу жаш манасчылардын кароо-сынактары, коомдук-маданият ишмерлеринин маараке салтанаттары,профессордук-окутуучулар жамаатынын жана студенттердин арасында ар түрдүү спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.
Мындан сырткары университтетин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери шаардык, областык жана республикалык коомдук, маданий-массалык иш-чараларга, кароо-сынактарга, фестивалдарга, ар түрдүү акцияларга, форумдарга, акыл-таймаштарга, семинарларга, конференцияларга, тегерек столдорго, спорттук мелдештерге, кайрымдуулук акцияларына ж.б. активдүү катышуу менен байгелүү орундарды ээлеп, окуу жайдын намысын коргоп келүүдө.
Университетте уюштурулган социалдык жана маданий-массалык иш-чаралардын негизги максаты-студенттердин өз ара достук, ынтымактык жана биримдик мамилелерин чыӊдоо аркылуу алардын ата-энеге, туулган жерге, мекенге болгон сезимдерин күчөтүү менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө ар тараптуу салым кошуу болуп эсептелет.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial